Түрк аба жолдору лигасы

Фенербахче Үлкер командасы Түрк Аба жолдору Европа лигасында удаама-удаа тогузунчу жеңишине жетишти.

283531
Түрк аба жолдору лигасы


Топ 16 турунун «Ф» тайпасында 12-жумадагы таймашында Испаниянын Уникаха Малага командасын тосуп алган Фенербахче атаандашын 73-63 упай эсебинде жеңип алып лидерлигин улантты.
Стамбулдагы «Үлкер Спортс Аренадагы» мелдеш 78-63 эсебинде аяктады.
Фенербахче Үлкердин тажрыйбалуу баскетболчусу Огуз Саваш таймашта Европа Лигасы карьерасында топту торго 1000 жолу салып коюлган чектен ашты.
Түрк аба жолдору Европа Лигасындагы Түркиянын башка өкүлү Анадолу Эфес болсо Грециянын талаасында колу бош кайтты.
Анадолу Эфес таймашта 86-75 упай эсебинде утулуп калды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар