Бешикташ Брюгге менен беттешет
Беттешүүнү Шотландиянын футбол федерациясынан Крейг Александр Томсон башкарат.
256769
Европа Лигасында күч сынашып жаткан Бешикташтын Бельгиянын Брюгге командасы менен 12-март бейшемби күнү ойной турган акыркы 16 турдун биринчи оюнунунун калыстары белгилүү болду.
Бельгиянын Брюгге шаарындагы Ян Брейдел стадиондо Түркия убактысы боюнча саат 20:00да баштала турган беттешүүнү Шотландиянын футбол федерациясынан Крейг Александр Томсон башкарат. Анын жардамчылары Фрэнсис Коннор жана Дэвид Мак-Гичи. Беттешүүнүн төртүнчү калысы Стюарт Стивенсон, кошумча жардамчы калыстары Стивен Маклин жана Джон Битон.