Түрк балбандары бүгүн күч сынашат
Түрк командасы Иранда өтө турган Дүйнөлүк кубокко катышат.
223266
Түркиянын А улуттук курама командасы бүгүн греко-рим күрөшү боюнча Иранда күч сынайт.
Түрк командасы Ирандын жетекчилигинде өтө турган Дүйнөлүк кубокко катышат. Борбор шаар Тегеранда 19-20-февралда өткөрүлө турган кубокто Түркия «Б» тайпасында Орусия, Венгрия жана Армения менен таймашат. «А» тайпасында болсо Иран, Азербайжан, Швеция жана Германия күч сынашат.