Усэйн Болт июль айында жарышка чыгат

Усэйн Болт 4-июлда Алмаз лигасында жарыша турганын жарыялады.

217481
Усэйн Болт июль айында жарышка чыгат

Усэйн Болт 4-июлда Алмаз лигасынын (Diamond League) 8-мелдеши Fransa Meeting Arevaда жарыша турганын жарыялады.
Уюштуруу комитетинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, ямайкалык жеңил атлет Париждеги Стад де Франста уюштурула турган иш-чарада 5-жолу орун алат жана 100 метр жарышына катышат.
Дүйнөлүк рекордсмен спринтер мындан мурда 2015 сезонун жуманын акырында Кемпердаун Классикте боло турган 400 метр жарышы менен ачууну каалаганын айтыптыр, бирок андан кийин 100 жана 200 метр категорияларына даярданыш үчүн бул пикиринен баш тарткан.
Болт мындан мурда Стад де Франста катышкан эч бир жарышта утулган эмес, 2009 жана 2010-жылдарда 100 метр жарыштарында, 2011 жана 2013-жылдарда 200 метр жарыштарында бириничликти алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар