Арда - эң жакшы 11де

Арда Туран Испанияда футбол сүйүүчүлөрдүн берген добушу менен лиганын биринчи жарымындагы эң жакшы 11ге кирди

194176
 Арда  -  эң жакшы 11де

Түрк улуттук курама командасы жана Атлетикао Мадриддин жылдыз футболчусу Арда Туран Испанияда футбол сүйүүчүлөрдүн берген добушу менен лиганын биринчи жарымындагы эң жакшы 11ге кирди.
Ла Лигада бул сезондун биринчи жарымында ойнолгон матчтарга баа берилген анкетада «Marca» гезитинин окурмандары интернет аркылуу добуш берүү менен эң жакшы 11дин орто аянтында Реал Мадриддик Тони Кроос жана Иско менен бирге Арда Туранды тандап, Коке жана Жеймс Родригести артта калтырышты. 4- 3 – 3 тизилишине караганда түзүлгөн команда төмөнкү футболчуларды камтыды; Клаудио Браво, Годин, Серхио Рамос, Отаменди, Гая, Тони Кроос, Иско, Арда Туран, Криштиану Роналду, Месси жана Неймар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар