UBA-2015 бүгүн башталат

Иш-чарага дүйнөнүн төрт тарабынан келген баскетболчулар катышат.

183868
UBA-2015 бүгүн башталат

Түркияда чет өлкөлүк баскетболчулар үчүн уюштурулган баскетбол лагери «UBA (Эл аралык баскетбол академиясы) Turkey Games» бүгүн башталат.
Иш-чарага дүйнөнүн төрт тарабынан келген дасыккан баскетболчулар катышат.
Босния-герцеговиналык машыктыруучу Озрен Селесковичтин катышуусу менен өтө турган спорттук иш-чарада атактуу оюнчулар түрк клубдарына атаандаш болушат.
Түркияда алгач ирет өтө турган лагердин аягында мыкты ойногон спортчулар карьераларын Түркияда жана коңшу өлкөлөрдө улантуу мүмкүнчүлүгүн табышат.
UBA иш-чарасынын алкагында айрыкча Дамир Мулаомерович жана Зоран Савич сыяктуу Түркияда форма кийген атактуу ысымдарды баскетбол сүйүүчүлөрү менен жолугуштурат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар