Кипрдык түрктөр эл аралык спорттук уюштуруу өткөрүшүүдө

Эл аралык эмбарго Түндүк Кипр Түрк Республикасында спорт тармагында да таасирин көрсөтүүдө.

167188
Кипрдык түрктөр эл аралык спорттук уюштуруу өткөрүшүүдө

Кипр түрктөрү эл аралык эмбаргого каршы жаңы кадам таштады.
Түндүк Кипр Түрк Республикасы маанилүү бир спорт уюштуруусун өткөрүүдө.
Футбол тенниси боюнча дүйнөлүк чемпиондукка 24 өлкөдөн 280 спортчу катышууда.
Эл аралык эмбарго Түндүк Кипр Түрк Республикасында спорт тармагында да таасирин көрсөтүүдө.
Левкошада 11-Футбол тенниси дүйнөлүк чемпиондугу өтүүдө...
Чемпиондукта эл аралык тармакта румдарга колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн да орун алышы көңүл бурду.
Турнирге катышкан өлкөлөрдүн арасында Түркия менен катар Румыния, Венгрия,Хорватия, Молдова, Грузия,Франция,Словакия,Македония,Австрия,Канада,Бразилия,Австралия,Алжир,Индия,Орусия,Азербейжан,Кабо-Верде жана Португалия бар.
Рум бөлүгүнүн катышууга бөгөт болуу аракеттеринен майнап чыккан жок.
Серепчилер бул уюштуруунун Түндүк Кипр Түрк Ресмпубликасына карай спорттук эмбаргонун жоюлушунда маанилүү баскыч болгонун белгилешти.
Кечээ башталган турнир 24-октябрда аяктайт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар