Түркия менен Латвиянын командалары бүгүн футбол ойнойт

Латвия менен Түркиянын беттешүүсү борбор шаар Ригадагы Сконто стадионунда саат 21:45те башталат.

155210
Түркия менен Латвиянын командалары бүгүн футбол ойнойт

Исландия жана Чех Республикасына жеңилген Ай жылдыздууларда жалгыз максат 3 балл...
Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасы Латвия менен болуучу оюнду жеңип алып Европа чемпиондугуна баруучу жолун улантууну каалайт...
Түркия менен Латвия мындан мурда 4 жолу беттешти.
Оюндардан бирөөнү уткан улуттук курама команда экөөндө тең болуп чыккан.
Эки өлкөнүн ортосундагы эң катуу таймаштар 2003-жылы болгон.
2004-жылдагы Европа чемпиондугуна катышуу үчүн эки өлкөнүн командалары плей-оффтордо беттешти.
Ригада ойнолгон оюнду Латвия 1-0 эсебинде утту.
Реванш оюнда болсо Ай жылдыздуу команда капага батты.
А улттук курама команда 2-0 алдыда бараткан оюнду 2-2 болуп тең бүтүрдү жана Европа чемпиондугуна катышууну Латвияга белек кылгандай эле болду.
Латвия-Түркия беттешүүсү борбор шаар Ригадагы Сконто стадионунда бүгүн ойнолот.
Саат 21:45те баштала турган оюнду шотландиялык Бобби Мэдден башкарат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар