Чемпиондор Лигасы: Галатасарай - Андерлехт (1:1)
Чемпиондор Лигасында таймаштар уланууда.
128955
УЕФА Чемпиондор Лигасынын «Д» тайпасында Али Сами Йен стадионундагы Түрк Телеком Аренада кечээ ойнолгон футболдук мелдеште Түркиянын Галатасарай командасы Бельгиянын өкүлү Андерлехт менен 1-1 эсебинде тең чыкты.
Андерлехтин голун 52-мүнөттө Прат киргизсе, Галатасарайдын голун 91-мүнөттө Бурак Йылмаз киргизди.
Тайпанын башка таймашында болсо Боруссия Дортмунд командасы Арсеналды 2-0 эсебинде утуп алды.