Формасын эрте чечкендиги үчүн мелдештен чыгарылды

Швейцариянын Цюрих шаарында жеңил атлетика боюнча Европа чемпионаты өтүп жатат.

91995
Формасын эрте чечкендиги үчүн мелдештен чыгарылды

Формасын эрте чечкендиги үчүн мелдештен чыгарылды.
Швейцариянын Цюрих шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатында эркектер арасында 3000 метр аралыкта тоскоолдуктардан чуркап өтүп алтын медалга ээ болгон француз атлет Майедин Мехисси-Бенаббад, жарыш аяктай электе формасын чечип салганы үчүн мелдештен чыгарылды.
Бул чечимден кийин Франциянын делегациясы комитеттин чечимине каршылык көрсөттү.
Жарыш аяктай электе эле формасын чечип биринчиликти белгилей баштаган Бенаббадга мелдештин аягында ушул себептен сары карточка берилген.
Комитеттин чечиминен кийин жарышта экинчи келген франуцуз атлет Йоанн Коваль алтын, үчүнчү келген польшалык атлет Кристиан Залевский күмүш, төртүнчү келген испан атлет Ангел Мюллер болсо коло медалга ээ болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар