Дүйнөлүк кубоктун жарым финалы

Дүйнөлүк кубоктун жарым финалга жогорулаган биринчи эки командасы белгилүү болду

118599
Дүйнөлүк кубоктун жарым финалы


2014  ФИФА дүйнөлүк кубогунда Францияны жеңген Германия менен Колумбияны жеңген Бразилия жарым финалда теңдешти. Кечээ күндүн биринчи чейрек финал матчында Франция менен Германиянын ортосунда ойнолду. Германия атаандашын Матс Хуммелстин киргизген голу менен атын акыркы 4 команданын арасына жаздырды. 

Бразилия менен Колумбиянын ортосундагы башка чейрек финал беттешүүсүндө болсо жеңген тарап Бразилия болду. Жеймс Родригестин пеналтыда киргизген голуна карабастан Колумбияны Тиаго Силва жана Дэвид Луиздин голдору менен 2 - 1ге жеңип алган "Самбажылар" жарым финал визасын алды. Бул жыйынтыктар менен Германия менен Бразилия жарым финалда атаандаш болду. Эки команда 8 - июль шейшемби күнү Түркия убактысы менен саат 23тө финалга чыгуу үчүн беттешет. Кубокто чейрек финал кубанычы улантылууда. Бүгүн саат 19да Аргентина - Бельгия, саат 23тө Голландия - Коста Рика беттешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар