Буларды билесиздерби?

Жер титирөө таразасы.

1999860
Буларды билесиздерби?

Кылымдар мурда Анадолуда жер титирөөнү өлчөө системасынын колдонулгандыгын билесиздерби?

Азыркы күндө жер титирөөлөрдү өлчөө үчүн бир нече технологиялык каражаттар пайдаланылууда. Жер титирөөнү өлчөгөн сейсмографтар биринчи жолу  1800  -  жылдарда колдонула баштаса да бул күндөн кылымдар мурда Анадолуда кызыктуу бир жер титирөөнү өлчөө системасын колдонушкан. Бул система «Жер титирөө таразасы» же «Тараза ташы» деп аталган.

Осмондук архитектрурасында мечиттин бурчтарына жайгаштырылган жана мечиттин жер титирөө же уроодон зыян тартып же тартпагандыгын түшүнүү үчүн ишке жараган, эки башка бурчка төрт башка оюкка жайгаштырылган цилиндр түрүндөгү мармар таразалар бар. Анадолуун түрдүү мечиттеринде «жер титирөө таразасы» деп аталган мармар цилиндрлер оюктун ичине тигинен жайгаштырылган.  Жер титирөө таразалары жөнөкөй бир система менен иштейт ; эгерде цилиндр оңой эле айлана турган болсо мечит жер титирөөдө зыян тартпаган болот. Бирок цилиндр айланбаса же айланып жатканда кыйынчылык жаралган болсо курулуштун зыян тарткандыгы түшүнүктүү болот.

Жер тиитрөө таразалары азыр да колдонулууда. Бурсада  1424 -  жылы ибадатка ачылган жана Осмондук архитектурасынын тандамал үлгүлөрүнүн бири болгон Йешил мечитте да курулуштун бекемдигин азыр да жер титирөө таразаларынын жардамы менен өлчөлүүдө. Түрк тарыхынын белгилүү ысымдарынан жана дүйнөнүн эң чоң ирхитекторлорунун бири болгон Мимар Синандын да чыгармаларында да жер титирөө таразаларын көрүүгө болот. Мимар Синанга таандык 1585 -  жылы курулуп бүткөн Манисадагы Мурадийе мечити жер титирөө таразалары менен бирге курулган курулуштардын бирөөсү.

Михраптын эки тарабындагы таразалардын жардамы менен бүгүнкү күндө да курулушта кандайдыр бир бузулуулар бар-жокпу же мечиттин пайдубалында жылуу  барбы -жокпу текшерүүгө болот.

 



Тектеш кабарлар