Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-54

Чуваш адабиятынан Александр Артемевдин “Чуваш кызы Саламби” романы.

1260253
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-54

Урматтуу китеп күйөрмандары, биз бүгүнкү чыгарылышыбызда чуваш адабиятынын негизги жазуучуларынын бири Александр Артемьевдин чыгармачылыгынан жана анын “Чуваш кызы Саламби” аттуу романынан кеп кылабыз. Жазуучунун бул повести Туркиядагы чуваш чыгармаларынан биринчи болуп которулган роман катары да мааниге ээ.
Кадырлуу окрмандар, алгач автор жөнүндө баяндай өтсөк, Александ Артемьев СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү жана чуваш “Эл жазуучусу” наамына ээ болгон улуу адам. Ал Чувашистандын Элик районунун Тури Вылы айылында 1924-жылы төрөлгөн. Доорундагы башка жазуучулар сыяктуу эле каргашалуу 2-дүйнөлүк согушка катышкан. Андан улап узак чыгыштагы Жапон аскерлерине каршы да согушкан. Бул нерсе, жазуучунун жеке жашоосуна гана таасирин тийгизбестен адабий чыгармаларынын бирден-бир темасы да болуп калган. Согуштун артынан 1947-48-жылдары “Ялав” журналы жана “Тыван Атил” календарынын редакциясында иштеп жүрүп, адабиятка болгон кызыгуусу арткан. 1951-жылы Советтер Союзунун Жазуучулар Бирлигинин мүчөсү болгон Артемьев 1980-жылында Чуваш элинин “Эл жазуучусу” наамына ылайык көрсөтүлгөн. Ал чуваш элинин прозаиги, акыны, адабий сынчы жана котормочу катары таанымал. Жазуучу немис тилин абдан жакшы билген жана чуваш элине батыштын Шиллер, Гейне, Гёте, Манна, Байрон, Доде, Генри, Перро сыяктуу классиктеринин чыгармаларын чуваш тилине которгон. Орус жазуучулары Пушкин, Лермонтов, Толстой, Чехов, Горький, Гончаров сыяктуу классиктерин дагы биринчилерден болуп чуваш элине тааныткан. Артемьевдин жыйырмага жакын китеби жарыкка чыккан.
Алардын ичинен бир тобу чуваш адабиятынын “Алтын фондуна” жазылган. Жазуучунун окурмандары тарабынан кеңири таанылган, “Алтын казык”, “Сен ийилбе тобурчак”, “Саламби”, “Ырлар жыйнагы”, “Жашыл алтын”, “Тандалмалар”, “Нандын баасы”, “Гүлдөгөн алмалар”, “Бороон астында” сыяктуу китептери белгилүү.
Александр Артемьев адабий чөйрөдөн алган наамдарынан сырткары, ал согушка катышкандыгы үчүн “Ардак” орденине жана “Элдин ынтымагы” медалына ээ болгон. Жазуучунун “Чуваш кызы Саламби” аттуу романы өз чыгармаларынын арасында эле эмес, учурдагы бүтүндөй чуваш адабиятында абдан маанилүү орду бар. Анда эмесе кеп чыгармада болсун.
Артемьев “Чуваш кызы Саламби” аттуу повестинде 2-дүйнөлүк согуш учурунда тылда калгандардын кыйынчылык жашоо-турмушунан кабар берет. Балдарын согушка узаткан энелердин көз жашын, сүйгөн жарлардын коштошуусун, үмүт менен кайгы-капаны, сүйүнүчтү, ошол учурдагы коомчулуктун жашоого болгон тутумдарын, жетим калган балдардын тагдырын, айтор, бардык адамдык сезимдер бул чыгармада таамай сүрөттөлгөн. Мындан сырткары романда, согуштан кайткан аскерлердин психологиялык абалдары жана алардын жай турмушка кайрадан көнүп кетишиндеги кыйынчылыктары жазылган. Жалпы журттун башына караан түн түшүп, жүрөктөрү жанчылып, эртеңки күндөн үмүт кыла албаган мезгилге туура келген бул чыгармада ар бир каарманга токтолбостон жалпы коомчулук сүрөттөлгөн деп айта алабыз. Согуш - коомдук, экономикалык кыймылды бир топ эле мүңкүрөтүп, баарына терең залакасын тийгизген. Бул абал каармандардын жүгүнө жүк кошуп, жоопкерчиликтерин арттырган. Чыгарманын башкы каарманы Саламби сулуу ошол учурдун оорчулуктарын башынан өткөрүп, буга кошумча бир жетим баланы багып, анын жоопкерчилигин дагы өз мойнуна алат. Саламби ачарчылык, тартыштык сыяктуу кыйынчылыктарды эле эмес, элдин-коомчулуктун жасаган баскысына каршы чыгып, чыдап, өз жашоосун жөнгө салган күчтүү аялдын образын түзөт. Ал эч качан жумуштан качпай, жашоо үчүн күрөшөт жана коомчулукка үлгүлүү өрнөк болот. Чыгармада Саламбинин ырдаган ыры популардуулук жаратып, азыр да чуваш элинин ичинде хор түрүндө ырдалып келет.
Согуш учурундагы катаал турмушту эң жакшы сүрөттөгөн чыгармалардын бири “Чуваш кызы Саламби” деп айтсак жаңылышпайбыз. Александр Артемьевдин курч калеминен чыккан бул чыгарма чуваш элинде эле эмес, түрк дүйнөсүнө да таанылган. Эгерде бул чыгармага кызыгуу жаралган болсо анда түркчө жана орусча булактарынан алып окуунуздарды сунуштайбыз.
Программаны даярдаган Назгүл Кадырова



Тектеш кабарлар