Күн тартибине сереп салуу - 6

Түркиянын террор менен күрөшү

907835
Күн тартибине сереп салуу - 6

Түркия 30 жылдан ашуун убакыттан бери терроризм менен чечкиндүү түрдө күрөшүүдө. Бул процессте ПКК террордук уюмунун террордук кол салууларында  миңдеген киши каза болуп, материалдык, моралдык жоготуу ортого чыкты. Бирок акыркы жылдарда Түркиянын ПКК менен күрөшүнө кошумча катары Ирак жана Сирияда болуп жаткан хаостон пайдаланып ДЕАШтын аракетке өтүшү жана Түркияда да кол салууларды ишке ашыра башташы кайрадан баш көтөрө баштоо катары  ортого чыкты. Бул абалдын Түркиянын ПКК менен бирдикте ДЕАШка каршы таасирдүү күрөшүүнүн башталышын да ала келип, түрк коопсуздук күчтөрү Түркия чек арасында ДЕАШ жана ПККга каршы ийгиликтүү операцияларды жүргүзүп, террор коркунучун азайтууда ийгиликтүү болду. Сириядагы боштук жана согуштан улам өздөрүнө логистикалык база жана коопсуз аймак курган ДЕАШ жана ПКК террордук топторунан келген коркутуулар үчүн Түркия  чек аранын ары жагына аскердик операцияларды жүргүзүүгө мажбур болду. Евфрат калканы операциясы менен чек араны ДЕАШ террордон тазалаган Түркия «Зайтун бутагы»  операциясы менен да ПККнын Сириядагы уландысы болгон ЙПГге каршы маанилүү бир кадам таштады.

Африн аймагын көптөгөн жылдардан бери текшерүүсү астына алган ЙПГ Түркиянын улуттук коопсуздугу жактан маанилүү коркунучту туудурууда. Аманос тоолору аркылуу Түркияга курал жана террористтердин өтүү жолу болгон Африн аймагындагы ЙПГ террористтери Түркия үчүн улуттук бир коркунуч болууда. Сириядан Түркияга өткөрүлгөн бир топ курал системасы террор менен күрөшүү операцияларында коопсуздук күчтөрү тарабынан колго түшүрүлгөн. ЙПГнин Афринде болушу менен ПККга террорист жетиштирүү үчүн адам ресурстары булагына айланды. Өзгөчө Африндеги ЙПГ террористтери эл аралык пропаганда жүргүзүү менен Түркия ичинде жана өлкө тышында  бир топ чөйрөнү Түркияга каршы көкүтүп, ПКК террордук уюму үчүн пропагандага колдоо алып жаткан. ЙПГнин өзгөчө Килис жана Рейханлыга карата кол салууларында бир топ жаран каза болгон. «Зайтун бутагы»  операциясынын ийгиликтүү  аякташы менен Түркия үчүн бул аймакта чек ара коопсуздугу түзүлгөн болот. Африндеги ЙПГ террордук уюмунун жок кылынышы ПККнын Түркиянын түштүк чектеринде Ирактан Жер Ортолук деңизине барган террор коридорун куруу кыялына тоскоол болгон болот.

ПККнын Сириядагы уландысы болгон ЙПГнин Сирияда болушу  бир гана Түркиянын улуттук коопсуздугун коркунучка салган жок. Ошол эле учурда Сириянын жеринин бүтүндүгү үчүн да коркунуч туудурууда. Ошнетсе  да ЙПГ да караштуу болгон КЖК башкаруусу Сирия, Иран, Ирак жана Түркиянын жерлерин камтыган «Күрдистан» кыялынан баш тарта элек. ЙПГ өз кол астындагы аймактарда жалган Түндүк Сирия федералдык аймагын жарыялап, жасалма шайлоолорду өткөрдү.

Бир тараптан Түркиянын «Зайтун бутагы» операциясы Афринди ЙПГ террордук уюмунан тазалап Африн аймагындагы жергиликтүү калкты террордон куткарууну максат кылууда. Билингениндей Африндеги калктын көпчүлүгүн сириялык күрттөр түзүүдө. Бир топ күрт ЙПГнин зулумчулугунан качып Түркия, Ирак жана Европа өлкөлөрүнө барышууда. Бир гана Түркияда ЙПГден качкан 300 миң сириялык күрт жашап жатат. Афринде жашаган жана качууну каалаган сириялык күрттөрдүн ЙПГ тарабынан тоскоолдукка учурагандыгы жана мажбур түрдө кармалып тургандыгы белгилүү Түркия сириялыктардан турган Улуттук Армия менен бирге Афринди ЙПГ элементтеринен тазалап Африндеги калкты куткарууну максат кылууда. Түркиянын Африн тууралуу билдирүүсүндө «Африн африндиктердики» деген сөз Түркиянын ниетин ортого салууда.

«Зайтун бутагы» операциясы Түркия үчүн бир топ негиздер боюнча баштатылган аскердик операция. Түркиянын сириялыктардан турган Улуттук Армиянын күчтөрү менен бирге Афринди ЙПГ террористтерине куткарып өз улуттук коопсуздугуна карата коркунучту жок кылат, бир тараптан да Сириянын жеринин бүтүндүгүн сактап калуу менен сириялык күрттөрдү ЙПГнин зулумчулугунан куткарат. ДЕАШтын Түркия чек арасынан тазаланышынан кийин Түркия ичиндеги ДЕАШ террордук кол салууларындагы азаюу менен ЙПГнин Түркиянын чек арасынан тазалангандыгы да байкалат.

«Зайтун бутагы» операциясы ПКК/ЙПГни башка аймактарда да олуттуу түрдө күчүн азайтат. Манбич, Хасеки, Ракка жана Дейризордо террордук уюм тарабынан сиңдирилүүгө аракет кылынган аймак калкы каршылык көрсөтө баштады. Манбичте  эл көтөрүлдү. Террорго жардам берген АКШ сыяктуу өлкөлөр бул иштин олуттуу бир чыгымы болорун жана улантууга болбой турган жерге карай багыт аларын байкап көрө баштайт.



Тектеш кабарлар