Анкарадагы террордук кол салуу жана пропоганданы алдын алуу

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

2047655
Анкарадагы террордук кол салуу жана пропоганданы алдын алуу

ПКК террордук уюмунун 2023 -  жыл  1 -  октябрь күнү Анкарадагы Коопсуздук боюнча башкы директорлугуна карата террордук кол салуу аракети коопсуздук жана чалгындоо  тышында уюмдун  провокацияны алдына алуу жана стратегиялык байланыш процесстери жагыгаг да каралышы керек. Бир террордук кол салуудан кийин коопсуздук мекемелери менен бирге коомчулук да белгисиздиктер менен күрөшөт. Коопсуздук мекемелер жана чалгындоо уюмдары жактан стандарт операция процедуралары абдан ачык. Бирок, коопсуздук жана чалгындоо процесстерин эффективдүү активдештирүү жана кол салуудан кийин терроризмдин психологиялык жана социалдык таасирин азайтуу, ыкчам пропагандага каршы стратегиялык байланышты ишке ашыруу да бири-бири менен интеграцияланган. Анткени мындай окуяларга ыкчам чара көрүү бир гана ошол учурдагы жыйынтыктарды эле эмес,  улуттук коопсуздуктун жана социалдык түзүлүштүн узак мөөнөттүү багытын да аныктай алат. Террордук чабуулдардан кийин тез арада көңүл бурууну талап кылган маанилүү маселе – бул кол салуудан кийин дароо террордук пропаганданы алдын алуу. Бул жерде стратегиялык байланыштын да  пропаганданы алдын алууда өтө маанилүү экенин баса белгилей кетүү керек.

СЕТАнын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору, жазуучу профессор доктор Мурат Йешилташтын бул тууралуу пикири.

Бир террордук кол салуудан  кийинки баш  - аламан учурларда бардык коомчулуктун көңүлү ал жакка бурулат. Маалымат булактары окуянын чоо  - жайын изилдеп, күбөлөр көргөндөрүн айтышат жана  коомчулук трагедияны түшүнүүгө аракет кылат. Социалдык медианын көпчүлүк учурда туура маалыматтарды камтыбаган билдирүүлөрүнүн  натыйжасында процессти көзөмөлгө алуу дээрлик мүмкүн эмес.  Эксперттер колдорундагы чектүү маалыматтар менен анализ жүргүзүшөт, жөнөкөй колдонуучулар эмоцияга негизделген постторду бөлүшүшөт, ал эми баш  аламан чөйрөдөн пайдаланууну каалаган топтор процессти манипуляциялап, баш аламандыктарды жаратуучу өз ара аракеттенүү тармагын түзүшөт. Дал ушул учурда террордук пропаганда өз максаттарына жетүү үчүн баш аламандыкты жана күчөгөн эмоцияларды пайдаланып, тамыр жаюу же жайылуу үчүн ыңгайлуу жер таба алат.

Кол салуудан кийинки пропаганданы алдын алуунун актуалдуулугу оболу радикалдашууну алдына алуу жактан орчундуу бир этап болуп саналат. Бир кол салуудан кийин экстремисттик мазмунга кабылуу эмоционалдык жактан аялуу же жооп издеген адамдарды радикалдаштырышы мүмкүн. Бул абалды алдын алуу радикалдашуу циклин токтотуу үчүн абдан маанилүү. Башка жагынан алганда, окшош чабуулдарды алдын алуу кол салуудан кийин коопсуздук жана чалгындоо процессинин башкарылышы  жагынан абдан маанилүү. Террордук пропаганда көбүнчө кол салгандарды даңазалап, аларды “баатырлар” катары көрсөтөт. Бул абал радикалдашуу процессиндеги адамдарга  окшош  кол салууларды  ишке ашыруу тууралуу шык бериши мүмкүн жана чукул түрдө чара көрүүнү керек кылат.

Акыйкаттан да жекшемби күнү болгон кол салуудан бир канча күндөн кийин ПКК террордук уюму ушуга окшогон  башкарууну колдонуу менен социалдык медиада жандуу карым-катнаш аймагын түзүү үчүн ушундай ыкманы колдонуп, кол салуу аркылуу аймагын кеңейтүүгө аракет кылды. Социалдык бүтүндүктү сактоо - чабуулдан кийин эске алынышы керек болгон максат. Террордук пропаганда коомдордо бөлүнүүнү жана пикир келишпестикти жаратып, психологиялык тынчсызданууну тереңдетүүнү көздөйт.

Бир кол салуудан кийин бул айтылгандарга каршы туруу, социалдык шайкештик жана биримдикти коргоо үчүн абдан маанилү. Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу - чабуулдан кийинки процессти башкаруу жагынан контрпропаганданы болтурбоодогу эң маанилүү процесстердин бири. Ошондуктан так маалымат жана ачык баарлашуу коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Пропаганда аркылуу таралган туура эмес маалымат же ушак дүрбөлөңгө же туура эмес аракеттерге алып келиши мүмкүн. Бул жерде Түркиянын акыркы жылдарда турмушка ашырган жана  коммуникация башкармалыгы жетектеген  Жаңылыш маалыматтар менен күрөшүү борбору процессти башкаруу жактан туура маалыматты жаңылыш маалыматтан айырмалоодо негизги ролду аткарууда. Расмий маалыматтын расмий эмес маалымат менен орун алмаштыруусу  социалдык медианын күчүн эске алганда, ыкчам реакция пропаганданын жайылышына жана тамыр жайышына жол бербөөчү таасирин тийгизет. Ошондуктан, террордук  коркунучка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн биз террордук пропаганданы алдын алуу жана террордук чабуулдардан кийин стратегиялык коммуникацияларды башкаруу чоң мааниге ээ экенин моюнга алышыбыз керек.

Террордук пропаганданы алдын алуу, бир пикир согушунда экендигибизди кабыл алуу менен башталат. Жеңиш үчүн экстремисттик идеологияларга гана каршы чыкпастан, үмүт, сабырдуулук жана тынчтыктын альтернативалуу көз карашын сунуш кылган контрдискурстарды куруу зарыл. Бул карама-каршы баяндар ынандырарлык, эмоционалдык резонанстуу жана экстремисттик таасирге көбүрөөк дуушар болгон аудиторияга багытталган болушу керек. Бул согуш бир уюм жалгыз күрөшө ала турган согуш эмес. Өкмөттөр,  мамлекеттин түрдүү мекемелери, технология фирмалары, медиа, жарандык коомдук уюмдар жана коомчулук бул коркунуч менен күрөшүү үчүн интеграцияланган стратегиянын негизинде кыймыл кылганда ийгиликтүү боло алат. Бир караганда медианын жана технологиялык компаниялардын турмуштук бир жоопкерчиликтери бар. Медианын окуя тууралуу билдирүү учурунда колдонгон тил, кол салуу учурунда алынган көрүнүштөрдү бөлүшүү, эксперттердин тандалышы жана мыйзамдуулук негизге көңүл бурулуп башкаруунун процедураларына ылайык кыймыл кылышы кол салуу бутага алган чөйрөнүн түзүлүшүнө тоскоол болуу жана стратегиялык байланыштын эффективдүү түрдө турмушка ашырылышы жактан орчундуу.

Жекшемби күнү болгон кол салууда көрүнүп тургандай, кээ бир медиа платформаларынын ачык булактагы сүрөттөрдү  көрүүчүлөрү менен бөлүшүлпөшү эң чоң каталардын бири.

Медиага кошумча катары технология компаниялары өздөрүнүн платформаларынан экстремисттик мазмунду аныктоого жана тез арада алып салуу жоопкерчилигине ээ. Бирок, бүгүнкү күндө технологиялык компаниялардын дароо реакция көрсөтүү жөндөмдүүлүгү өтө чектелүү. Түркияда бул темада мыйзамдык ченемдер бар болсо да, алардын эффективдүү ишке ашырылышына байланыштуу көйгөйлөр бар. Бул тармакта толук ийгиликке жетүү мүмкүн эместей. Анткени социалдык аң-сезимдин начардыгы эң чоң тоскоолдуктардын бири. Ушул тапта билим берүү тармагын жана бейөкмөт уюмдарды кайра карап чыгуу зарылчылыгы келип чыкты. Социалдык тармактарда жеке жоопкерчилик кайдан башталып, кайда бүтөт деген суроого толук жооп берүү мүмкүн болбосо да, Улуттук билим берүү министрлигинин социалдык медианы колдонуу боюнча дагы көп долбоорлорду ишке ашыруусу абдан пайдалуу болот.

Ушундайча бул процесске өкмөттүк эмес уюмдарды кошуу менен окуу планына жаңы курстарды кошуу күрөштүн коомдук жана социалдык аспектилерин натыйжалуу башкаруу үчүн абдан маанилүү.



Тектеш кабарлар