Түркия менен Перс булуңу өлкөлөрүндө жаңы мезгил

Апталык анализ-48

2017511
Түркия менен Перс булуңу өлкөлөрүндө жаңы мезгил
erdoğan bae.jpg
Erdoğan Suudi Arabistan Bin salman1.jpg

Түркия менен Перс булуңу өлкөлөрүндө жаңы мезгил

2020-жылдын аягында Жакынкы Чыгышта башталган нормалдашуу процесси да жаңы аймакташтыруу муктаждыгынын талабы катары каралышы мүмкүн. Араб козголоңдору жана революцияларынан кийин аймактагы бардык араб мамлекеттери олуттуу күч жоготууга учурап, кээ бир мамлекеттерде саясий система кыйрап, батыш мамлекеттери кийлигишип, жаңы аймактык системаны түзүүгө аракет кылышкан. АКШнын жетекчилиги астында кээ бир кризистик чекиттерде интервенциялар жасалып, аймактык мамлекеттердин ортосундагы мамилелер кайрадан аныкталып, натыйжада АКШнын колдоосу астында «глобалдык альянс» деп аталган,  Израиль мамлекети анын борборунда турган жана бардык араб мамлекеттеринин эрки жоюлган жаңы аймактык тартиптин алгачкы кадамдары ташталды.

Бул жаңы системада Түркия Жакынкы Чыгышта жалгыз калтырылды, аймактык саясаттан сүрүлүп чыгарылууга аракет кылынды. Таң калыштуусу, шериктеш катары көрүлгөн Перс булуңундагы мамлекеттердин эрктерин жоюу менен өз алдынча көз карандысыз саясат жүргүзүүсүнө уруксат берилген жок. Аймактын бардык өлкөлөрү Байдендин бийликке келиши жана анын АКШда жасаган маргиналдаштыруу жана коркутуу риторикасы боюнча тышкы саясатын кайра түзүштү.

Адегенде Перс булуңундагы мамлекеттердин ортосунда, андан кийин Перс булуңу жана Араб мамлекеттери менен башка аймактык мамлекеттердин ортосунда, акырында бири-бири менен көйгөйлөрү бар аймактык державалардын ортосунда мамилелерди нормалдаштыруу процесси башталды. Алгач эки тараптуу мамилелердеги чыңалган жагдайлар иргелип, андан соң кызматташуунун жаңы аянтчалары түзүлдү.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 17-19-июль күндөрүнүн аралыгында үч булуң мамлекетине (Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) жана Катар) жасаган акыркы сапары ушул алкакта жүргүзүлүп, эки тараптуу карым-катнаштарга, аймактык саясатка жана глобалдык масштабга олуттуу таасир этти. Төмөндө президент Эрдогандын сапарын ушул үч башка контекстте кыскача баалоого аракет кылам.

SETA / Коопсуздук Изилдөөлөр Директору Проф.Д-р Мурат Йешилташтын бул темага баа берүүсүн сунуштайбыз...

Президент Эрдогандын Перс булуңуна сапарынын тараптардын эки тараптуу карым-катнаштарына олуттуу оң таасирин тийгизери талашсыз. Биринчиден, тараптардын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү жана сооданын мазмунун диверсификациялоо абдан маанилүү. Түркия менен Перс булуңу мамлекеттеринин ортосундагы карым-катнаштар эки тараптуу соодадан тышкары жаңы масштабдарга ээ болду. Перс булуңунун экономикалык актерлору Түркияга инвестициясын көбөйтүштү. Түркиянын экономикалык актерлору Перс булуңуна жаңы ачылыштарды жасашты. Мисалы, Түркиянын тарыхындагы эң чоң коргоо өнөр жайы келишимине Түркиянын дүйнөгө таанымал учкучсуз учуучу аппарат өндүрүүчүсү Байкар компаниясы менен Саудиянын тиешелүү мекемесинин ортосунда кол коюлду. Түркия менен БАЭнин ортосунда 51 миллиард долларга жакын каржы жана экономикалык келишимдерге кол коюлду.

Ошентип Түркия көп тармактуу экономикасынын дагы да өсүшүнө салым кошо турган экспорттук базарларга жете алат жана Перс булуңу мамлекеттери Батыш мамлекеттерине, өзгөчө коргонуу өнөр жай өнүмдөрүнө болгон көз карандылыгын азайта алат.

Президент Эрдогандын сапарынын аймактык таасирлери да олуттуу болот. Анткени бул сапар аймак мамлекеттеринин ортосундагы карым-катнаштарды туруктуу нукка алып чыгып, үч жылдык нормалдашуу процессинин чегинен чыгып, аймактык тартиптин орношуна карата күтүүлөрдү арттырат. Бул учурда, бир нече маанилүү жагдайлар бар.

Биринчиден, аймактык мамлекеттер глобалдык актерлордун бир тараптуу жана интервенциячыл саясатына канааттанбайт. Аймактык мамлекеттер глобалдык актерлорго ишенишпейт, анткени алар каалаган учурда глобалдык маркетингдин же конфликттердин субъектиси жана курмандыгы болуп калышыбыз мүмкүн туура ойлошот. АКШ менен башка батыш мамлекеттери жана батыштан тышкаркы глобалдык актерлордун ортосундагы чыңалуунун бир бөлүгү болууну каалабаган Түркия жана Перс булуңу мамлекеттери, өз ара тирешүүнү токтотуу менен кызматташтык багыттарын өнүктүрүүгө артыкчылык беришет. Бул сапар менен, мисалы, Перс булуңундагы мамлекеттер коргонуу өнөр жай өнүмдөрүндө кыйынчылык туудурган, шарттуу сатууларды жасаган батыш мамлекеттеринин ордуна Түркия сыяктуу өлкөлөргө кайрылып жатышат.

Экинчиден, алар аймактык көйгөйлөрдү аймактык актерлор менен кызматташуу аркылуу гана чечүүгө болорун билишет. Сирия жана Ливия кризистери сыяктуу глобалдык актерлор катышкан жана тарап болгон аймактык маселелердин чечилиши бир топ кыйын болуп баратат. Түркия менен Перс булуңундагы мамлекеттер ортосундагы чыңалууну азайтуу менен өзгөчө Йемен, Ливия жана Сириядагы аймактык кризистик пункттарда кызматташа алышат. Жок дегенде, алар аймактагы зордук-зомбулуктун чырмоогун токтотуу үчүн биргелешип аракет кылышы ыктымал.

Үчүнчүдөн, Түркия менен Перс булуңу өлкөлөрүнүн ортосундагы карым-катнаштардын өнүгүшү Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги тең салмактуулуктарга терең таасирин тийгизет. Түркиянын акыркы кездеги аймактык жалгыздыгынан пайдаланган Греция, бир гана Египет жана Израиль менен эмес, Перс булуңундагы мамлекеттер менен да кызматташтыкты өнүктүрүп, Түркияны Чыгыш Жер Ортолук деңизде жалгыздыкка дуушар кылууну каалады. Түркиянын чыгымдарды жалгыз көтөрүү менен жүргүзгөн каршылык көрсөтүү саясаты Түркияга каршы өнүгүүнүн алдын алды. Бирок Түркиянын Жакынкы Чыгышта нормалдашуу процесси менен бирге Чыгыш Жер Ортолук деңизде Греция борборунда турган Түркияга каршы өнүккөн союз да өзүнөн-өзү жоюлду. Мындан ары Сауд Арабия жана БАЭ сыяктуу Перс булуңу мамлекеттери Греция менен болгон карым-катнаштарында Түркияны эске алып кыймылдашат.

Акырында президент Эрдогандын Перс булуңуна жакында болгон сапарынын глобалдык таасирлери да болот. Жакында НАТОнун Вильнюс саммитинде Түркия менен батыш мамлекеттеринин ортосунда жаңы барак ачкан Эрдоган бул сапары менен бирге Перс булуңундагы мамлекеттер менен да жаңы барак ачты. Бир аягы батышта, экинчи аягы чыгышта болгон Түркиянын бир тараптагы маанисинин артышы, ошондой эле экинчи тараптагы маанисин жогорулатууда. Батыш багытында эске алынган Түркиянын Чыгыштагы мааниси андан да чоң. Ошол сыяктуу эле, Жакынкы Чыгышта кадыр-барктуу болгон Түркия, Батышта да урматталат. Кыскасы, Түркиянын Жакынкы Чыгышта таштаган бул тарыхый кадамдарынын Батышта да теңдеши болот.

Экинчи жагынан АКШнын интервенциячыл жана бир жактуу саясатынан кыжаалат болгон региондук мамлекеттер, АКШ бул аймактан салыштырмалуу чыгып кеткенден кийин жана анын аймактагы кызыкчылыгы азайгандан кийин  аймакта таасирдүү болууга аракет кылган башка глобалдык актерлор менен мамилесин жакшыртууга аракет кылып жатып, бир тараптан Перс булуңу мамлекеттери Түркия сыяктуу аймактагы  салмактуу актерлор менен карым-катнаштарына өзгөчө маани беришүүдө. Ошондуктан глобалдык актерлор салыштырмалуу таасирин жоготкон аймакташтыруу процессинде Түркия жана Перс булуңу мамлекеттери карым-катнаштарын жакшыртуу аркылуу глобалдык актерлорго болгон көз карандылыгын азайтуу аракетинде.

 

 



Тектеш кабарлар