Кыргыстанда 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыяланды
Президент Сооронбай Жээнбеков ушул жөнүндөгү Жарлыкка кол койду.
886271
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды - "Аймактарды өнүктүрүү жылы" - деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыкка кол койду.
Жарлыкта 2018-жылы аймактарды колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп-тамырынан өзгөртүүнүн негизин түзүү, ар бир регион боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын базасында иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана турмушка ашыруу мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдети болуп эсептелсин, -деп айтылат.
КТРК