Москвада болгон теракт

Апталык анализ - 13.2024

2122227
Москвада болгон теракт

     22 -  март жума күнү Россия абдан чоң террордук кол салуу менен термелди. Борбор шаар Москвадагы Crocus City Holl - муниципалдык маданият борборунун концерттик залына кол салган террористтер жүздөн ашуун адамды өлтүрүп, концерттик залды өрттөштү. Кол салууну ишке ашырган элементтердин ДЕАШ террористтери экендиги тууралуу чыккан кабарлардан кийин кол салуучулар Россия  -  Украина чек арасына жакын бир аймакта өлкөдөн качууга аракет кылып жатканда кармалды. Орус жетекчилер кол салууну ДЕАШ моюнга алса да анын артында Украина жана аны колдогон батыштык өлкөлөрдүн жооптуу экендигин айтууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

 Өткөн жума күнү Россия абдан чоң террордук кол салууга учурады.  Россиянын көз карашы боюнча, бул тарыхтагы эң чоң  террордук кол салуулардын бири катары каралышы мүмкүн. Борбор шаар Москвадагы Crocus City Holl - муниципалдык маданият борборунун концерттик залына куралдуу топтор тарабынан кол салуу болуп, концерттик зал да өрттөлүп, жүздөн ашуун адам каза болуп, дагы көп киши жарадар болгон. Кол салуучулардын күбөлүгү тууралуу суроолор туулуп 4 кол салуучу Россия  -  Украина чек арасында кармалды.

Ошол эле учурда ДЕАШтын Хорасан тобу билдирүү менен кол салуунун жоопкерчилигин мойнуна алып, жарыялаган дене камерасы  кыргынды дагы бир жолу ачыкка чыгарды. Орус жооптуулары болсо ДЕАШ маселесин башкача чечмелешти. Кол салуу ДЕАШ тарабынан ишке ашырылса да артында Украина жана аны колдогон батыштык өлкөлөрдүн тургандыгын айтышууда.

Путин жана Медведев сыяктуу актерлор да ушундай билдирүүлөрдү жасашты. Чындыгында да акыркы айларда ДЕАШтын Афганистанда азыркы учурда жайгашкан Хорасан топторунун  кыймылдуулук ичинде экендигин, бири биринин артынан Түркия, Иран, Пакистан жана эми да Россияда террордук кол салууларды жасашкандары көрүнүүдө. Кол салуучулардын тажик экендиги жана Тажикстандын Кытай чек арасында экендигин да унутпоо керек. АКШ Афганистандан чыккандан кийин бул аймак ДЕАШ үчүн даярдалган. Уюм Ирак жана Сириядагы айрым элементтерин да Афганистанга алып бара алган. АКШнын ПКК менен бирдикте Ракканы курчоого алган мезгилде негизги ДЕАШ лидерлеринин жана элементтеринин бир келишим менен бул жерден чыкканы жана Афганистанга көчкөнү ортого чыккан. Эми бул уюмдун АКШ менен маселеси бар өлкөлөргө каршы аракетке өтүшү маанилүү болуп жатат. Ошондуктан Путин туура жерге жооп берип жаткандыр.

Натыйжада Москва кол салуусу Россияда чоң бир нааразычылыкты жаратты жана Россия жооптуу деп көрсөткөн Украинага каршы кыжырдануу  дагы да күч алды.  Эми орустар аба ырайы жана жер шарттарынын бышып жетилишин күтүшүүдө жана Украинага ыктымалдуу чоң чабуул башташат. Орус коомчулугу да чоң согуш үчүн даярдай. Алдыдагы айлар Украинада чоң кагылышууларга күбө болот. батыштык өлкөлөр Украинаны колдобосо согуштун жүрүшү Росиянын пайдасына өзгөрөт.



Тектеш кабарлар