Түркияда болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктары жана таасири

Апталык анализ - 14.2024

2125411
Түркияда болгон жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктары жана таасири

 

2024 -  жылы  31 -  мартта болгон жергиликтүү шайлоо Түркияда демократиялык жетишкендик менен өттү. Саясий конкуренциянын үкөктөгү жыйынтык менен белгилениши Түркияда демократиянын бекемделишинин жаңы бир көрсөткүчү катары карылышы керек. Катышуу көрсөткүчү  78. 55 пайыз болгон шайлоодо 14 чоң шаар жана 21 облуста 37,76 пайыз добуш менен Республикалык элдик партия ЖХП биринчи партия катары жеңишке жетишти. Биринчи болуп көңүлдөрдү бурган жагдайлардын бири катышуунун төмөн болушу жана ушул себептен Адилеттик жана өнүгүү партиясы шайлоочусундагы чоң жоготуулар. Көп жагынан жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы Түркиянын саясатына таасир эте тургандай көрүнүүдө.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөрү боюнча директор, жазуучу, профессор доктор Мурат Йешилташтын  баа берүүсү.

Республикачыл элдик партия ЖХП добуштарын 3,3 миллионго арттырып Адилеттик жана өнүгүү партиясы мындан мурдагы шайлоого караганда  добуштарын  4,2 миллионго түшүрдү.

 ДЕМ жана ИЙИ партиясынын добуштарынын көпчүлүгүн ЖХПнин талапкерлерине кеткендиги байкалууда. ЖХП өз шайлоочусун чоң өлчөмдө бириктирди жана жакын партиялардан күчтүү колдоо алып тарыхында жете албаган бийиктикке жетти. Бул жыйынтыктар менен жергиликтүү шайлоодо экономикалык абалга карата реакциянын алдыга чыкканын айтууга болот. ЖХП 2019 – 2023 -  жылдардагы альянсын шайлоочулардын көз алдында башка модел менен болсо да сактап калды. Чоң шаарларга кошумча катары ЖХПнин айрым консервативдүү Анадолу шаарларында муниципалитеттерди  алышы жаңы бир чындыкка ишарат кылууда. ЖХПнин лидери Өзел шайлоонун жыйынтыгын «жаңы саясий климаттын эшигинин ачылышы» жана «бардык саясий партиялар үчүн маанилүү учур» деп мүнөздөдү. Өзгөрүү  менен жолго чыккан ЖХП башкаруусунун бул фактыны  жаңы тенденцияга айландырып же айландыра албаганын алдыдагы жылдарда көрөбүз.

2023-жылдын май айындагы президенттик жана парламенттик шайлоолордун жеңүүчүсү болгон АК партия бул жергиликтүү шайлоолордо 12 чоң шаар жана 12 облуста 35,48 пайыз добуш менен саясий турмушунда биринчи жолу экинчи партия болду.

Бул  2002 -  жылдан кийин биринчи жолу болгон бир абал. Шайлоого катышпагандардын жана жараксыз добуштар 15 миллионго жеткен бул шайлоодо АК партия күтпөгөн бир шайлоочу реакциясы менен беттешкендиги көрүнүүдө. Бул жагынан алганда, АК партиянын шайлоочулары арасында окутуу мотивациясынын үстөмдүк кылганын көрүүгө болот. Ковид 19 эпидемиясынан бери экономикадагы көйгөйлөрдүн тереңдеши жана көйгөйдү  чечүүдө алдыга жылуунун болбошу бул абалдын эң чоң себептеринин бири катары каралышы мүмкүн. Бир караганда  2023 -  жыл май жана  2024 -  жыл мартта болгон шайлоонун экономикага байланыштуу фактуралары бириктирилгендей.

Президент Эрдоган шайлоо күнү кечинде балкондо сөз сүйлөп  31 -  март шайлоосунун «бир бүтүш эмес, бурулуш жери» катары мүнөздөшү шайлоо жыйынтыктарын өзгөртүү үчүн колдоно турганына күчтүү белги берди. Улуттук эркке болгон урмат-сыйын дагы бир жолу көрсөткөн Эрдоган, сөзүндө демократиянын артыкчылыктарынан сөз кылды.

АК партиянын жаңылануу жана сабак алуу мажбурдуулугун да белгилеп  «тайманбастык менен өзүн-өзү сынга алаарын» айтты. 

Алдыда төрт жылдык иш  - аракет мезгилин катуу темп менен уланта тургандарын айткан Эрдоган ыктымалдуу эрте шайлоо тартыштарын таасирсиз кылып, шайлоочуларынын жана партиясынын маанайын көтөрдү. АК партия үчүн «бурулуш чекити» жана ЖХП  үчүн «жеңиш» болгон 31-марттагы жергиликтүү шайлоо 2028-жылга чейин Түркиянын абдан активдүү мезгилди өткөрөрүн көрсөтүүдө.

Бийликтеги  АК партия жаңыланууну камсыздап, киреше бөлүштүрүүнү аз камсыз болгон жарандардын пайдасына жакшыртса, реакция кылган шайлоочуларын кайра тарта алат. Ал эми ЖХП болсо бул шайлоодо жетишкендиктерин бекемдөө үчүн азыр оор саясий жүктүн астында.
 



Тектеш кабарлар