Кыргызстан туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирди

Жеңүүчүлөр туристтер берген баага жараша аныкталды.

883995
Кыргызстан туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирди

Кыргызстан популярдуу "Passion Passport" саякат блогунун версиясы боюнча 2018-жылдын туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирди. Тизмеге туристтерге абдан жаккан, эс алууга абдан ыңгайлуу делген дүйнө жүзүндөгү 20 жер камтылган. 

Жеңүүчүлөр туристтер берген баага жараша аныкталды. Тизменин сап башында Дания королдугуна караган Фарер аралдары турат. Экинчини Пакистан ээлесе, үчүнчүгө Иран татыган.

 Ал эми 4-5-орундарды Сингапур менен Норвегиядагы Лофотен аралдары алды. Борбор Азия өлкөлөрүнөн тизмеге Кыргызстан гана кирип, 18-орунду ээледи. 

"Passion Passport" — саякатчыларды, фотографтарды жана блогерлерди бириктирген платформа. Анын Instagram тармагындагы баракчасы дүйнөдөгү эң мыкты 15 баракчанын катарына кирет.



Тектеш кабарлар