С.Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков андан ары Москвага жол тартат.

874013
С.Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен барат. 25-26-декабрь күндөрүнө белгиленген визиттин алкагында коңшу өлкөнүн мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев жана премьер-министр Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуп, кызматташтыктын маанилүү маселелери талкууланат. 

Чек-арага байланышкан келишимдер кол коюла турган документтердин өзөгүн түзөт.

Эки өлкөнүн Мамлекет башчылары буга чейин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Минск шаарында өткөн саммитинин алкагында жолугушкан. Анда Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду өз өлкөсүнө келип кетүүгө чакырган. Расмий иш сапардын убакыты да жакындап, ага даярдык көрүлүүдө. Чек арага байланышкан документтер бул визиттин жүрүшүндөгү келишимдердин өзөгүн түзөт.

Кыргызстан менен Казакстандын дипломатиялык алакасынын түзүлгөнүнө 25 жылдан ашты. Чейрек кылымда эки өлкөнүн ортосунда 159 келишимдерге кол коюлган. Алардын 106 мамлекеттер жана өкмөттөр аралык мааниге ээ. Бул жолу күтүлүп жаткан келишимдер ар тармактардагы алаканы арттырат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга эки күнгө белгиленген сапары 26-декабрда жыйынтыкталып, андан ары Москвага жол тартат. Россия борборунда Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал жолугушуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар