С.Жээнбековдун ант берүү аземи өтүп жатат

Иш-чаранын негизги бөлүгү мамлекеттик резиденциядагы “Энесай” кабыл алуу үйүндө өтүүдө

853946
С.Жээнбековдун ант берүү аземи өтүп жатат

Бүгүн жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземи өтүүдө. Инаугурацияга 450 адам чакырылган. Иш-чаранын уюштуруучулары даярдыктар толук көрүлгөнүн билдирди. 

Иш-чаранын негизги бөлүгү мамлекеттик резиденциядагы “Энесай” кабыл алуу үйүндө өтүп жатат. Анда өлкөнү башкаруу мөөнөтү аяктап жаткан Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, жаңы президент да элге кайрылуу жасап, ант берүү менен башталды. Программага ылайык, салтанаттуу аземдин жүрүшүндө үч ирет артиллериялык залп атылды. 

Эми Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик резиденциядан кортеждин коштоосунда шаар аралап жолго чыгышат. Ак үйдө жаңы президентти ардак кароол күтүп турат. Анда Улуттук Гвардиянын башчысынын рапорту кабыл алынат. Мамлекеттеги эң жогорку кызматты тынч жол менен өткөрүп берүү салтанаты жаңы президентти өз иш бөлмөсүн тааныштыруу менен жыйынтыкталат.

Инаугурацияга сарптала турган каражаттын көлөмү да аныкталды. Мурда айтылган суммадан кыйла аз акча жумшалууда. Мамлекеттик резиденциядан ак үйгө чейинки аралык күч түзүмдөрү тарабынан күчөтүлгөн тартипте кайтарылат. Андыктан Айтматов, Манас жана Чүй көчөлөрү убакытылуу жабылаары шаар тургундарына эскертилген.

КТРК



Тектеш кабарлар