Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

Быйыл Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 100 жыл толду жана саясий репрессиянын курмандыктарына 80 жыл болду

842360
Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрү тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

Президент Алмазбек Атамбаев "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" Жарлыкка кол койгону өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка, адепке жана жогорку инсандык сапаттарга ээ болушуна, таалим-тарбия берүүдө өзгөчө мааниге ээ. Себеби, жаштар бабалар басып өткөн тарыхты эскерүү менен катар эгемендүүлүк кыргыз элине кандай баа менен жеткенин туюшат.

Былтыр Кыргызстан 1916-жылкы Улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеген. Ата-Бейитте Үркүндүн курмандыктарына эстелик тургузулган. Быйыл Улуу октябрь социалисттик революциясына 100 жыл толду жана саясий репрессиянын курмандыктарына 80 жыл болду. Өлкө башчынын 26-октябрда чыккан жарлыгына ылайык бул тарыхтагы маанилүү күндөр "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө" бириктирилди. 

Муну менен катар ушул күндөрү кыргыз элинин эгемендүүлүгүнө, мамлекеттин түптөлүшүнө, сакталып калышына чыйыр салган, салым кошкон ата-бабаларыбызды эскеребиз. Бул Енисей кыргыздарынын жол башчысы Барсбек кагандан баштап, Апрель элдик революциясынын баатырларына чейинкилер. 

Тарыхчылардын айтымында белгилене турган эскерүү күндөрү 100 жыл мурда кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн чечүүчү мааниге ээ болгон даталар. Дагы бир маанилүү жери окуялардын тарбиялык жагы. Себеби дүйнө жүзүндө мамлекеттүүлүккө ээ боло албай жүргөн мамлекеттер бар. Ошондуктан эгемендүүлүктү ыйык сактап, тарыхты, бул күндөрдү эскерүү менен эгемендүүлүк кыргыз элине кандай баа менен жеткенин туюп билүү керек.

КТРК



Тектеш кабарлар