Бишкекке жаңы маршруттук автобустар алынып келинди

Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу техника газ менен жүрүп, экологияга зыян алып келбейт

730933
Бишкекке жаңы маршруттук автобустар алынып келинди

Борбор калаанын көчөлөрүндө эртеңден тартып, Кытайдан алынып келинген 12 жаңы маршруттук автобустар чыга баштайт. Бүгүн, мэриянын имаратынын алдында жаңы каттамга кире турган автобустардын ачылышы болду.  Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышты. 

Автобустар 2017-жылы өндүрүштөн чыгып, жүргүнчүлөрдү мыкты сапатта тейлөөгө ыңгайлашкан. Бул жүргүнчүлөрдү ташуучу техника газ менен жүрүп, экологияга зыян алып келбейт. 

Ошондой эле шаардык мэрия жыл аягына чейин мындай автобустан 100гө жакын келерин баса белгилеп өтүштү. Ал эми Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жүргүнчүлөрдү тейлөөчү маршруткаларды чет жака чыгарып, катамдарды толугу менен автобустарды жүргүзүү үчүн да чоң программа иштелип жатат. 

КТРК



Тектеш кабарлар