Этникалык кыргыздар акысыз виза ала алышат

Этникалык кыргыздар акысыз Кыргызстандын визасын ала алышат

717511
Этникалык кыргыздар акысыз виза ала алышат

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өкмөт этникалык кыргыздарды Кыргызстандын визаларын алууда консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алган. 

Анын негизинде Кыргызстанга келүүнү каалаган этникалык кыргыздар Тышкы иштер министрлигинин чет жактагы консулдук мекемелеринен жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн акысыз негизде виза алууга укуктуу. Болгону этникалык кыргыздар алардын этникалык таандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүсү керек. Ошондой эле, алар визанын мөөнөтүн Кыргызстандын аймагында жүрүп узартууда консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.

КТРК



Тектеш кабарлар