Кырчын жайлоосунда жаа атуу боюнча мелдеш башталды

Эртең жалпы жыйынтыктары чыгат.

566336
Кырчын жайлоосунда жаа атуу боюнча мелдеш башталды

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда жаа атуу боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу аталган мелдештин катышуучусу Самат Сүйөркулов билдирди.

Анын айтымында, эртең, 7-сентябрда жалпы жыйынтыктары чыгат. Бул мелдеште катышуучулар туруп жаа атуу жана атчан жаа атуу боюнча ат салышат. Алгачкы этаптагы мелдештин натыйжасында 43 катышуунун ичинен жарымы финалдык беттешке чыгат.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар