13-майда улуттук китепканада "Библиотүн" акциясы уюштурулат
"Библиотүндө" акын, жазуучулар менен адабий кечелер өткөрүлүп, тогуз коргоол оюну, көңүл ачуучу Сармерден программасы жана башка бир катар оюн-зооктор уюштурулат.
489146
13-майда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Библиотүн" социалдык-маданий акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын басма сөз кызматы билдирди.
Акциянын негизги максаты жаштардын, коомчулуктун китепке болгон кызыгуусун арттыруу болуп эсептелет. Иш-чара тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүп жатат. "Библиотүндө" акын, жазуучулар менен адабий кечелер өткөрүлүп, тогуз коргоол оюну, көңүл ачуучу Сармерден программасы жана башка бир катар оюн-зооктор уюштурулат.
Улуттук китепканада өтө турчу "Библиотүн" акциясына катышууну каалагандар саат 15.00дөн 21.00гө чейин күбө боло алышат. Анда 60тан ашык иш-чаралар өткөрүлүп, үч миңдей жарандын келүүсү күтүлүүдө.
"Кабар" маалымат агенттиги