Илим жана маданият көпөрүлөрү - 21

Чопо кол өнөрчүлүгү

124532
Илим жана маданият көпөрүлөрү - 21

Чопо тоо тектеринин эрозиясынын натыйжасында пайда болгон борпоң чөкмө болуп саналат. Чопо керамика жана фарфорду өндүрүүдө керектелет.
Керамика башкача айтканда чопо кол өнөрчүлүгүн чоподон жасалган идиштер, буюмдар жана имараттардын дубалдарын кооздоо үчүн колдонулган чопо плиткалары түзөт.
Чопо курамындагы ар кандай заттардан тазаланып алынып, атайын даярдалган жерде ылайга айландырылат. Бул жерде бир нече күн тыныктырылат, ылайдын суусу бөлүнүп, сарыктыралат. Түбүндө уюган чопо алынып, калыпка салынат, ошентип калыптарына жараша идиш-аяктар, буюмдар же дубалдарды кооздоого колдонулган плиткалар жасалат. Мындан соң кургатылат да сыртындагы бүртүктөрү түздөтүлүп, чопо бышырылуучу атайын мештерге салынат. Мештердин ичиндеги ысыктыктын температурасы 700 менен 1000 градустун тегерегинде болот. Мештен чыгарылган бышкан чопо ар түрдүү түстөгү боёк менен боёлуп же оймо-чийме түшүрүлүп кооздолот.
Бир мезгилдерде чопо плиткаларын жасап, ал менен имараттарды кооздоо иши Анатолияда абдан маани берилген кол өнөрчүлүк болгон. Ушул күндө Түркиядагы эң кооз болуп саналган жана чындыгында эле кылымдар бою көргөн адамдарды суктандырып келе жаткан Түркиядагы мечиттер чопо плиткалары менен кооздолгон. Чопо кол өнөрчүлүгү Анатолияга Орто Азиялык түрктөрдөн келгенин көпчүлүгүбүз биле бербесек керек.
Орто Азиядагы түрк тектүү элдердин канчанчы кылымдан баштап чопо кол өнөрчүлүгү менен алектенип келе жаткандыгы так белгилене албаса да, Караханиддер доорунан баштап бул кол өнөрчүлүк менен тыгыз байланышта болушканын айтуу мүмкүн.
Орто Азиядагы чопо кол өнөрчүлүгүнүн өнүгүшүн чоподон жасалган нерселердин бетиндеги мотивдерге карап 3 доорго бөлсө болот.
8 – 12 – кылымдар биринчи доорду түзөт. Бул мезгилде чопо идиштердин беттери негизинен түссүз оюм – чийимдер менен кооздолгон. Бул сүрөттөрдө баатырлардын элестери, өсүмдүктөр, куштар, жаныбарлардын элестери тартылган.
Орто Азиядагы чопо кол өнөрчүлүгүнүн экинчи доору 12 – 14 – кылымдар болуп саналат. Бул кылымдарда чопо кол өнөрчүлүгүнүн технологиясы мурунку кылымдардагыдай эле болгону менен чоподан жасалган буюм-тайымдардын беттериндеги сүрөттөрдүн мурдагыдан алда канча кооз болгонун, түстүү сүрөттөр тартыла баштаганын көрүүгө болот. Орто Азиянын Бухара, Самарканд сыяктуу шаарларынан 12-14-кылымдарга таандык чопо кол өнөрчүлүгүнүн калдыктарын көбүрөөк кездештирүүгө болот.
Орто Азиядагы чопо кол өнөрчүлүгүнүн үчүнчү доорун түзгөн 14 – 16 – кылымдарда чопо кол өнөрчүлүгү абдан өнүгүп, бир топ имараттын ичи чопо плиткалары менен кооздолуп башталган. Ошол учурдун айтылуу өкүмдары Амир Темир Түркистандык улуу аалым Кулкожо Ахмеддин күмбөзүн салдырып, ичин керамика менен кооздоткон. Кулкожо Ахмеддин күмбөзү учурда ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган табыйгый мурастардын катарында турат. Бухара, Самарканд, Хива шаарларындагы 14 – 16 – кылымдарга таандык тарыхый медресе, күмбөз жана мечиттердин дээрлик баардыгында чопо плиткалар кооздук үчүн колдонулуп, көргөндөрдүн көз – жоосун алып суктандырып турат.

Анатолияда Селчук жана Осмон бийлиги өкүм сүргөн мезгилдерде чопо кол өнөрчүлүгү маанилүү орунга ээ болгон. Он үчүнчү кылымдан баштап Селчук мамлекети тарабынан керамика архитектурада колдонула баштаганын археологиялык казууларда чыккан материалдар тастыктап турат. Керамика бара-бара ислам архитектурасынын маанилүү кооздоочу материалы боло баштаган. Осмон доорунда бул кол өнөрчүлүк абдан тездик менен өнүккөн. Селчук доорунда жөнөкөй сүрөттөр жана түстөр колдонулган болсо Осмон доорунда сапаттуу, кооз, түркүн түстүү керамикалар жасала баштаган.
Анатолияда Селчук жана Осмон доорлорунда керамика көбүнчө мечит, күмбөз, медресе жана сарайларды, мындан сырткары медреселердин чамгарагынын ич тарабын кооздош үчүн колдонулган.
Анатолиядагы түрктөрдүн чопо кол өнөрчүлүгүнүн алгачкы мисалдары Орто Азия да кеңири колдонулган ачык көк жана көк түстө болгон. Селчуктардын учурундагы эң алдыңкы мисалдары Сивас көк медресеси, Сивас эки мунаралуу мечити, Акшехирдеги Күчүк Аясофия мечиттери болуп эсептелет. Бул учурда чопо плиткаларын чоң көлөмдө бышырып, керектүү өлчөмдө кесип алып жабыштыруу методунун ордуна, баардыгы мурунтадан белгиленип, ошого жараша алдын ала кесилип даярдалгандан ар бир өң ар башка температурада жана убакытта бышырылып, белгиленген жерлерге жайгаштыруу методу колдонулган. Мындай керамиканын бойоктору абдан тунук болгон бирок иши абдан татаал жана убакытты көп талап кылган.
16 – кылымдан баштап бүтүндөй бир листтин үстүнө сүрөт тартып, аны ошол бойдон бышыруу методуна өтүшкөн. Ысыктан бойоктор агып бири- бирине аралашып кетпөөсү үчүн араларын кумшекер аралашкан күрөң түстөгү бойок менен чийип койушкан. Бышырылып жатканда шекер көөп чыгып, бойоктордун башка жакка агып кетүүсүнө тоскоол болгон. Осмон императорлугунун учурундагы атактуу имараттардын дубалдары ушул ыкма аркылуу кооздолгон. Ал учурда ар бир уста өзүнүн тактитасы менен бойокторду ойлоп чыгаргандыгы үчүн кээ бир түстөрдүн рецептери ойлоп табуучулары менен кошо жок болуп кеткен. Бул өкүнүчтүү абалга Изниктеги Жашыл мечитти көптөгөн окумуштуулар мисал кылып көрсөтүп келишет. Анткени анын мунарасы ачык жашыл түстөгү керамика менен кооздолгон. Учурда унутулуп кеткен андай түстү кайрадан жандандыруу мүмкүн болбой келүүдө. Осмон императорлугунда керамика кол өнөрчүлүгүнүн гүлдөп турган учуру 13 – 17 -кылымдар болгон. Бул кылымдарга таандык Ибрахим паша, Үскүдар чини мечити, Сулайман мечиттеринин ички жана тышкы дубалдарындагы чопо плиткалар бүгүнкү көрүүчүлөрүнүн да көз жоосун алып суктандырып турат.
Керамика кол өнөрчүлүгүнүн Туркияда эң акыркы өндүрүш жери болгон Күтахяда 19- кылымдын ортолорунан баштап басаңдаган жана керамика жасоо толугу менен токтой баштаган. Бирок он тогузунчу кылымдын аяк ченинде бул өндүрүш кайрадан жанданып жакшы эмгектер жасала баштаган. Азыркы учурда да бул жерде керамика өндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.


Адабияттар:
1. http://student.zoomru.ru/isk/hudozhestvennaya-keramika/74693.610343.s1.html

2. Сайко, История тенхнологии керамичесих ремесла Средней Азии VIII – XIII в

3. YATMAN, N., 1942, Eski Türk Çinileri

4. ERMAN, D. O., 2012, Türk Seramik Sanatının Gelişimi: Toprağın Ateşle Dansı, Acta Tukika Çevirimiçi Türkoloji Dergisi, S. 1, yıl IV

5. ASLANAPA, O., 2002, Türk Çini Sanatı, Türk Dünyası El Kitabı: Dil-Kültür-Sanat, Ankara


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар