Эрсой: "Рим дооруна таандык эки айкел табылды"
Министр Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө «Келечекке мурас долбоорунун» алкагында жүргүзүлгөн казуу иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканын кабарлады.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Антальядагы Аспендос байыркы шаарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде Рим империясы дооруна таандык 2 айкелдин табылганын айтты.
Министр Эрсой социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, «Келечекке мурас долбоорунун» алкагында жүргүзүлгөн казуу иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканын кабарлады.
Байыркы Аспендос шаарындагы иш-аракеттер тууралуу маалымат берген Эрсой төмөнкүлөргө токтолду:
"Аспендос байыркы шаарында «Келечекке мурас» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн казуу иштеринде Рим империясы дооруна таандык 2 кереметтүү айкел табылды. Эки кабаттуу дүкөндөр-Стоа комплексиндеги казууларда 2000 жылдык Зевс менен Афродитанын кызыктуу сүрөттөлүштөрү табылды. Тургузула турчу экспонаттардын, түзүлүштөрдүн өлкөбүздүн маданий жана туризм жашоосуна пайдалуу болушун каалайм".