Балкан өлкөлөрүндө "Түрк ашканасы жумалыгы" иш-чаралары
«Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо Эгей аймагынын тамактарынын үлгүлөрү көрсөтүлдү.
![Балкан өлкөлөрүндө "Түрк ашканасы жумалыгы" иш-чаралары](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/216c/708a/c2a4/664d97f93280b.jpg?time=1718812851)
![saraybosna turk mutfagi.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/573a/e82e/c13e/664d984f20a30.jpg?time=1718812851)
![uskup turk mutfagi.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/216c/708a/c2a4/664d97f93280b.jpg?time=1718812851)
Балкан өлкөлөрүндө түрк ашканасы таанытылды.
Президенттиктин жетекчилигинде, Маданият жана туризм министрлигинин координациясында быйыл үчүнчү жолу уюштурулган «Түрк ашканасы жумалыгынын» алкагында Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо Эгей аймагынын тамактарынын үлгүлөрү көрсөтүлдү.
Сараеводо гастрономия боюнча билим алып жаткан студенттер түрк ашпозчусунан салттуу рецепттерди үйрөнүштү.
Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде да түрк тамактары таанытылды.
Түркиянын Скопьедеги элчиси Фатих Улусойдун жубайы Шейма Нур Улусой тарабынан «Тарых, маданият жана табият жолугушуусу: Туркаегеан даамдары» концепциясында уюштурулган иш-чарага кээ бир өлкөлөрдүн Скопьедеги элчилеринин жубайлары да катышты.
Шейма Нур Улусой иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө: «Кылымдарды карыткан салттарга негизделген түрк ашканасы ар кайсы аймактардан шыктандырылып жасалган түрдүү ашканалардын эң сонун рецепттери менен ар кандай табитке жага турган кеңири ассортиментке ээ»,-деди.
Иш-чарада өлкөдөгү элчилердин жубайларынын катышуусунда жалбырактан жасалган сарма тамагы боюнча сынак уюштурулду.
Белгилүү ашпозчулар калыстык кылган сынакта Кытайдын Скопьедеги элчиси Юанчу Яндын жубайы жеңишке жетти.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718812851)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718812851)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.