Түркия маданият жолу фестивалы 16 шаарда өткөрүлөт

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, 8 айга созула турган Түркия маданият жолу фестивалынын чоо-жайын Стамбулда билдирди.

2119984
Түркия маданият жолу фестивалы 16 шаарда өткөрүлөт

Түркия маданият жолу фестивалы быйыл 16 шаарда өткөрүлөт.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, 8 айга созула турган Түркия маданият жолу фестивалынын чоо-жайын Стамбулда билдирди.

Фестивалдын дүйнөдө теңдеши жок экенин белгилеген министр Эрсой: «Түркияга фестиваль климатын жаратабыз»,-деди.

Чоң иш-чарага рекорддук сандагы өнөрпоздордун катыша турганын маалымдаган Эрсой: «2023-жылы фестивалга катышкан өнөрпоздордун саны 34 миңге жеткен. Быйылкы максатыбыз 40 миң өнөрпоз»,-деп айтты.

Министр Эрсой: «Быйыл Түркия маданият жолу фестивалын 13-21-апрель күндөрү Аданада апельсин гүлү карнавалы менен бирге баштайбыз. Бул уникалдуу маданият-искусство марафонун 2-10-ноябрь аралыгында Антальяда жыйынтыктайбыз», - деди.

Быйылкы жылы фестивалдын эң маанилүү элементтеринин биринин Пабло Пикассо болоорун билдирген маданият жана туризм министри: «Башкы коногубуз катары Пикассонун 80ден ашык оригиналдуу эмгектерин камтыган таасирдүү көргөзмөсүн уюштурабыз жана 3 ай бою ар кайсы шаарлардагы искусство чеберлери менен бирге уникалдуу тажрыйба тартуулайбыз»,-деп айтты.

Мындан тышкары көптөгөн дүйнөгө таанымал ысымдардын эмгектери фестивалга көрк кошот.

Быйыл 600дөн ашуун жерде 6 миңден ашык иш-чара өткөрүлөт.

Мамлекеттик опера жана балет театрында атактуу Анадолу легендасын опера менен жандандырган «Шахмеран» да биринчи жолу көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар