Рафадан Тайфа косоволук балдар менен жолугушту

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен Түркиянын Приштина элчилиги жана Призрен башкы консулдугу тарабынан уюштурулган иш-чара Призрендеги тарыхый Лумбардхи кинотеатрында өткөрүлдү.

2138758
Рафадан Тайфа косоволук балдар менен жолугушту

ТРТ Балдар каналынын популярдуу мультфильмдеринен Рафадан Тайфанын сахналык көрсөтүүсү Косовонун Призрен шаарында балдардын чоң кызыгуусун жаратты.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен Түркиянын Приштина элчилиги жана Призрен башкы консулдугу тарабынан уюштурулган иш-чара Призрендеги тарыхый Лумбардхи кинотеатрында өткөрүлдү.

Косовонун ар кайсы аймактарынан келген балдар эки күндө беш жолу тартууланган Рафадан Тайфанын сүйүктүү каармандарын кызыгуу менен көрүп, ырларга кошулуп көңүлдүү көз ирмемдерди өткөрүштү.

Иш-чарада балдарга ар кандай белектер берилди.



Тектеш кабарлар