Римде түрк кофеси таанытылды
Иш-чарада конокторго түрк кофеси жана түрк локумдары тартууланды.
![Римде түрк кофеси таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/baaf/9f6c/ea89/654cd96fb8e5b.jpeg?time=1718788964)
5-декабрь Дүйнөлүк түрк кофеcи күнүнөн улам Италиянын борбор шаары Римдеги Юнус Эмре институтунун (YEE) борборунда түрк кофеси таанытылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) 2013-жылы түрк кофе маданиятын жана салтын адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизишинен улам жыл сайын Дүйнөлүк түрк кофеси күнү катары белгиленген 5-декабрда Римдеги Юнус Эмре институтунун Түрк маданияты борборунда атайын иш-чара өткөрүлдү.
Бул борбор ушул өзгөчө күндөн улам «Кофе ичүүгө күтөбүз» деген ураан менен эшигин ачты.
Конокторго түрк кофеси жана түрк локумдары тартууланды. Мындан тышкары түрк кофесинин жасалышы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди.
Коноктор түрк кофесинин фотосүрөттөрүнөн турган көргөзмөнү кыдыруу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушту.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718788964)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718788964)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.