АКШда Түрк фестивалы
Жыл сайын уюштурулган Түрк фестивалы быйыл Конгресс имаратынын алдындагы Пенсильвания көчөсүндө өткөрүлдү.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) борбор шаары Вашингтондо өткөрүлгөн Салттуу түрк фестивалы быйыл да чоң кызыгуу жаратты.
Вашингтон Түрк-америка бирикмеси (ATA-DC) тарабынан жыл сайын уюштурулган Түрк фестивалы быйыл Конгресс имаратынын алдындагы Пенсильвания көчөсүндө өткөрүлдү.
Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан да фестивалга барып, стенддерди кыдырды жана катышуучулар менен сүрөткө түштү.
Түрк маданиятынын жана ашканасынын көрүнүктүү үлгүлөрү таанытылган фестивалда фольклор тобунун өнөрлөрү өзгөчө көңүл бурду.
Балдар үчүн оюндар уюштурулган фестивалда катышуучулар жандуу музыка жана маданий иш-чаралар менен көңүл ачышты.
Осмон-түрк маданиятын чагылдырган буюмдар коюлган стенддер катышуучулардын кызыгуусун жаратты.
Фестивалды 20 миңден ашуун киши кыдырды.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.