Бразилияда Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата концерт берилди

Иш-чара Сан-Паулу шаарынын Башкы консулдугу жана Сан-Паулу муниципалитетинин Маданият катчылыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

2008843
Бразилияда Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата концерт берилди

Бразилиянын Сан-Паулу шаарында Түркия Республикасынын 100 жылдыгына карата концерт берилди.

Иш-чара Сан-Паулу шаарындагы Башкы консулдугу жана Сан-Паулу муниципалитетинин Маданият катчылыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

Анталья мамлекеттик симфониялык оркестринин флейта артисти доцент Леля Байрамоулларынын бразилиялык пианист Лукас Гонсалвес коштоосунда берген концертинде түрк жана бразилиялык белгилүү композиторлордун чыгармалары аткарылды.

Сан-Паулудагы башкы консул Гүрсел Эврен концерттин даярдалышына кошкон салымы үчүн Сан-Паулу муниципалитетинин маданият катчылыгына ыраазычылык билдирип, иш-чаранын Республиканын 100 жылдыгынын алкагында өткөрүлгөнүн айтты.

Концертте Байрамоуллары Ашык Вейселдин бир чыгармасын жакында каза болгон Лиссабондогу элчи Мурат Карагөзгө арнады.



Тектеш кабарлар