Грэмми сыйлыктарында "Мыкты Африка музыкасы" сыйлыгы да берилет
CNNдин кабарында 2024 - жылы өткөрүлө турган Грэмми сыйлыктарына 3 жаңы категориянын кошулгандыгы билдирилди.
Музыка дүйнөсүнүн «Оскары» катары билинген Грэмми сыйлыктарында 2024 - жылдан тарта «Мыкты Африка музыкасы» сыйлыгы берилет.
CNNдин кабарында 2024 - жылы өткөрүлө турган Грэмми сыйлыктарына 3 жаңы категориянын кошулгандыгы билдирилди.
Бул категориялардын «Мыкты Африка музыкасы» , «Мыкты альтернатив джаз альбому» жана «Мыкты мыкты поп бийи» деп аныкталганы белгиленди.
«Мыкты Африка музыкасы» категориясынын акыркы учурларда дүйнөлүк масштабда көп жактырылган "Afrobeats" музыка түрүн чагылдырары баса белгиленди.
Сыйлык берүү аземин уюштуруучулары да бул категория үчүн «Африка континентинин жеринен чыккан ырларга орун берилүүдө»,- деп билдиришти.
Грэмми сыйлыктарын берген "The Recording Academyнин" башкаруу кеңешинин төрагасы Харви Мейсон да бул өзгөрүүнүн ар кандай музыкалык жанрларды көрсөтүүгө берилгендигин жана дайыма өзгөрүп туруучу жанрларга ыңгайлашуусун чагылдыргандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.