Каабадагы умранын керемети

Сауд Арабиянын Хармейн иштери боюнча төрагалыгы социалдык медиа эсебинен бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

1975588
Каабадагы умранын керемети

Рамазан айынын 25-түнүндө 1,5 миллиондон ашуун мусулман Каабада намаз окуду.

Сауд Арабиянын Хармейн иштери боюнча төрагалыгы социалдык медиа эсебинен бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүдө Каабаны да камтыган Меккедеги Масжид аль-Харамдын Рамазан айынын 25-түнүндө 1,5 миллиондон ашуун мусулманды кабыл алганы белгиленди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары да бул Рамазан айынын башынан бери Масжид аль-Харамда катталган эң жогорку көрсөткүч экенине көңүл бурушту.

Сауд Арабиянын Ажылык жана умра министрлиги 26-марттагы билдирүүсүндө, «көп адамдарга ибадат кылуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн» ар бир адам Рамазан айында умраны бир гана жолу кыла аларын жарыялады.



Тектеш кабарлар