Министр Эрсой: "Эң көп туристти кабыл алган 3-өлкө болдук"

Министр Эрсой, Стамбул Түйап жарманке жана конгресс борборундагы «26-Эл аралык Чыгыш Жер Ортолук деңиз туризм жарманкесинин» (EMITT) ачылышына катышты.

1973991
Министр Эрсой: "Эң көп туристти кабыл алган 3-өлкө болдук"

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түркиянын дүйнөдө эң көп туристти кабыл алган 3-өлкө болуу ийгилигине жетишкенин айтты.

Стамбул Түйап жарманке жана конгресс борборундагы «26-Эл аралык Чыгыш Жер Ортолук деңиз туризм жарманкесинин» (EMITT) ачылышына катышкан Эрсой, 2022-жылы 42 миллион турист жана 35 миллиард доллар киреше максатын көздөгөндөрүн билдирип: «Биз бул максатты жыл ичинде үч жолу кайра карап чыктык. Жылдын акырына карата туризмден түшкөн кирешебиз 46,3 миллиард долларга, келгендердин саны да 51,4 миллионго жетти»,-деди.

Пандемияга чейинки сандарга (Ковид-19) карай турган болсок, 2022-жылдын аягында дүйнөдө бул көрсөткүчтөрдүн 70 пайызына гана жетишилсе, биз толук кирише таап эң көп туристти кабыл алган 3-өлкө болууга жетиштик.

Туризмден түшкөн киреше болсо 2019-жылы 19 пайызга өстү. Кризисти абдан жакшы башкара алдык жана Түркия катары кризистен кийин туризм кирешесинде эң жакшы ийгилик көрсөткөн өлкө болдук»,-деп маалымдады.



Тектеш кабарлар