Түрк бийчилери сыймыктандырды

Ондогон өлкөдөн жүздөгөн бийчилер катышкан сынакта Түркиядан Дүйнөлүк бий борборунун бийчилери чоң сыйлыктарга ээ болушту.

1905811
Түрк бийчилери сыймыктандырды

Түндүк Македониянын борбор шаары Скопьеде өткөрүлгөн «Stage 2022» Эл аралык бий сынагында түрк бийчилери даражага ээ болушту.

Ондогон өлкөдөн жүздөгөн бийчилер катышкан сынакта Түркиядан Дүйнөлүк бий борборунун бийчилери; кенже топ категориясында 1-орунду, бийчи кыз-келиндер арасында 3-орунду, эркектер арасында 1-орунду, улуулар тобунда 2-орунду, улуу классикалык балет категориясында 1-орунду жана жеке бийчи катары заманбап категорияда биринчи орунду жеңип алды.

Эки кубок жана ондогон медалга ээ болгон бийчилерден Берил Ада Өздемир модерн жана классикалык балет категориясында биринчи, Петек Кызмаз жаш өспүрүмдөр категориясында үчүнчү, Хүсейин Сефа Коркмаз эркектер категориясында экинчи болду.



Тектеш кабарлар