Түрк сериалдарынын Парагвайдагы орду

Түркияга 5 күндүк сапар менен келген Афара Парагвайдын Анкарадагы элчилигинде Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

1904301
Түрк сериалдарынын Парагвайдагы орду

Парагвайдын туризм министри София Монтиэл де Афара түрк сериалдарынын алар үчүн абдан маанилүү орду бар экенин билдирди.

Түркияга 5 күндүк сапар менен келген Афара Парагвайдын Анкарадагы элчилигинде Анадолу агенттигинин (AA) кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

Бул жерде болгонуна абдан кубанычта экенин билдирген Афара, ар кандай демилгелер үчүн Түркияга келгендерин айтты.

Түркия менен Парагвайдын ортосунда туризм тармагында кызматташтык келишимине кол коюшкандарын белгилеген Афара, түрк сериалдарынын Латын Америкадагы таасирине баа берди.

Афара: «Түрк сериалдарынын өлкөбүз, ошондой эле аймагыбыз үчүн абдан маанилүү орду бар. Түрк сериалдарын бүткүл Парагвай көрүп жатат. Түрк кинорежиссерлоруна да ушул жерден кайрылгым келет. Парагвайга келип, ал жерди тартып кетүүгө мүмкүн деп ойлойм»,-деди.

Түрк сериалдарынын негизинде Түркияга болгон кызыгуунун артканына көңүл бурган Афара, Парагвайда Түркияны таанытуу кеңсесинин зарылдыгын баса белгиледи.

Түркия менен Парагвайдын ортосундагы билим берүү кызматташтыгына да токтолгон Афара, Парагвайда түрк билим берүүсү тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

«Жакында ачылган курска болжол менен 120 кишилик квота бар болсо, 1500 арыз алдык. Түрк тили бүгүнкү күндө мурунку мезгилге караганда маанилүү абалга келди».



Тектеш кабарлар