Ибрахим Калындын «Кароосуз» аттуу ыры угармандарга тартууланды

Чыгарманын клиби болсо Poll Production YouTube каналында жана бардык санариптик платформаларда бөлүшүлдү.

1822843
Ибрахим Калындын «Кароосуз» аттуу ыры угармандарга тартууланды

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын сөздөрүн өзү жазган «Кароосуз» аттуу ыры угармандарга тартууланды.

Калын өзү тарткан «Кароосуз» деген фотосүрөткө таянып жазган чыгарманын музыкасын Үмит Йылмаз даярдады.

Жарыялангандан бери социалдык тармактарда жактырылган чыгарманын клиби болсо Poll Production YouTube каналында жана бардык санариптик платформаларда бөлүшүлдү.

Кемал Башбуг жетектеген клиптин музыкалык режиссёрлугун да Үмит Йылмаз милдеттенди.

Чыгармада Ибрахим Калынды баглама жана комуз менен Йылмаз, үйлөмө аспап менен Гүркан Чакмак, виолончель менен Мурат Сүнгу, гитара менен Селахаттин Гүзелел жана урма аспап менен Өмер Арслан коштоп турду.

Клипте Ибрахим Калын тарткан ар түрдүү фотосүрөттөр да орун алды.



Тектеш кабарлар