Түрк режиссеру Эмми калыстар тобуна шайланды

Режиссер Текин Гиргин Эмми сыйлыктарынын «Эл аралык Эмми», «Дейтайм Эмми» жана «Прайм Тайм Эмми» деп 3 категорияга бөлүнгөнүн белгилеп, 64- Дейтайм Эмми жана 74-Прайм Тайм Эмми калыстар тобуна шайланганын айтты.

1809905
Түрк режиссеру Эмми калыстар тобуна шайланды

Түрк режиссёру Текин Гиргин Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) «Телевизиянын Оскары» катары сыпатталган 2022-жылы Эмми сыйлыктарынын калыстар тобуна шайланды.

Режиссер Текин Гиргин Эмми сыйлыктарынын «Эл аралык Эмми», «Дейтайм Эмми» жана «Прайм Тайм Эмми» деп 3 категорияга бөлүнгөнүн белгилеп, 64- Дейтайм Эмми жана 74-Прайм Тайм Эмми калыстар тобуна шайланганын айтты.

Бул калыстар тобуна тандалып алынганы үчүн абдан сыймыктанганын белгилеген Гиргин: «Бир жазуучу жана режиссёр катары Голливуд сыяктуу дүйнөнүн кино борборунда Эмми калыстар тобунун мүчөсү болуу укмуштуудай сезим»,-деди.

Гиргин ийгиликке жетүү үчүн акыл менен жана талыкпай эмгектенүү керектигин баса белгилеп:«Түркиянын жараны катары бул сезимди сезүү, менин оюмча, кийинки муунга үлгү болуунун жана мүмкүн эмес эч нерсе жок экенин, жаштардын кыялдарын ээрчип, үмүтүн үзбөөнүн эң конкреттүү мисалы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар