"Мавзер" тасмасы 25 - февралда көрсөтүлөт

Режиссёр, сценарист жана продюсер Фатих Өзжандын сыйлыкка татыктуу болгон көркөм тасмасы «Мавзер» көрүүчүлөр менен жолугушууга даярданууда.

1783768
"Мавзер" тасмасы 25 -  февралда көрсөтүлөт

Режиссёр, сценарист жана продюсер Фатих Өзжандын сыйлыкка татыктуу болгон көркөм тасмасы «Мавзер» көрүүчүлөр менен жолугушууга даярданууда.

Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен тартылган жана Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси TRT биргелешип чыгарган тасмада Орто Анадолудагы окуя баяндалат.

Режиссер Фатих Өзжан «Мавзер»  тууралуу : «Көрүүчү эки бир тууган менен бир карышкырдын ортосунда өткөн окуядан өзүнө сабак ала турган жана өзүө эмне аларын териштире турган бир тасма. «Мавзер» токойлор, тоолор, дарыялар жана кырлардын да күбөлүгүнүн бар экендигин, жаныбарлардын да бир турмуштук аянтынын бар экендигин баяндайт»,- деп мүнөздөдү.

Өзжан Азырети Адамдан бери адамдардын «Кимибиз дагы көппүз?», «Кимибиздин жери дагы чоң?» деген суроолордун айланасында тойбос таймашка киргендигине көңүлдөрдү буруп, тасмада да адам  - табият байланышы боюнча дүйнөлүк окуяны түшүндүрүүгө аракет кылгандыгын айтты.

«Мавзер» 5 - Босфор кинофестивалында «Босфор кино лабораториясынын иштөө прогресси» категориясында Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыгын, 7 - Босфор кино фестивалында ТРТнын биргелешкен өндүрүш сыйлыгын алды.

Тасма 25 - февралда көрсөтүлө баштайт.

 



Тектеш кабарлар