Түркия менен Түштүк Американын маданияты Түркевинде

Иш-чарага Нью-Йорктогу дипломаттардан тышкары Бразилия, Кюрасао жана түрк коомчулугунан көп сандаган коноктор катышты.

1780339
Түркия менен Түштүк Американын маданияты Түркевинде

Түркия, Бразилия жана Кариб деңизиндеги Кюрасао аралы, маданий жана искусство иш-чаралары ошондой эле ашканасы менен АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Түркевинде (Түрк үйү) жолугушту.

Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулдугунун кожоюндугунда Бразилиянын Нью-Йорк башкы консулдугу менен Кюрасао аралы биргелешип уюштурган иш-чарада өлкөлөрдүн саякат багыттары, маданияты, искусствосу жана ашканалары тааныштырылды.

Катышуучуларга Бразилия менен Түркиянын салттуу тамактары, Кюрасао аралына таандык кокос суусундугу берилген иш-чарада, сүрөтчүлөрдүн картиналары жана фотосүрөттөрү да көргөзмөгө коюлуп, Бразилия бийи тартууланды.

Иш-чараны өткөргөн Түркиянын Нью-Йорктогу башкы консулу Рейхан Өзгүр Түркевинде ар башка өлкөлөрдүн жана коомдордун маданий жана көркөм өнөр байлыктарын жолугуштургандарын айтты.

Түрк жана Бразилия маданиятынын окшоштугуна ошондой элеа эки өлкөнүн элинин жылуу мамилесине жана чын ыкластуулугуна көңүлдөрдү бурган Өзгүр: «Бразилия Түркиянын Түштүк Америкадагы биринчи стратегиялык өнөктөшү жана аймактагы эң чоң соода өнөктөшү»,-деп айтып: «Эки өлкөнүн ортосундагы сооданы көбөйтүү эки тарап тең каалаган максат»,-деди.

Иш-чарага Нью-Йорктогу дипломаттардан тышкары Бразилия, Кюрасао жана түрк коомчулугунан көп сандаган коноктор катышты. 



Тектеш кабарлар