Стамбулда Өзбекстан маданият күндөрүнө карата иш-чара өттү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын видео кайрылуусу менен башталган иш-чаранын алкагында өзбек өнөрпоздорунун катышуусунда концерт болду.

1748935
Стамбулда Өзбекстан маданият күндөрүнө карата иш-чара өттү

Стамбулда Өзбекстан маданият күндөрүнүн алкагында иш-чара өттү. Иш-чарада Өзбекстанга байланыштуу фотосүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, өзбек өнөрпоздору сахнага чыккан концерт тартууланды.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги менен Өзбекстандын Маданият министрлигинин кызматташтыгында Өзбекстан маданият күндөрүнүн алкагында иш-чара уюштурулду.

Стамбул мамлекеттик театрында кечээ башталган иш-чарага Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олим Мирзаев, Стамбул губернаторунун орун басары Өзлем Бозкурт Геврек, Өзбекстан элчиси Алишер Агзамходжаев, Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулу Амирсаид Агзамходжаев, Беларустун Стамбулдагы башкы консулу Алексей Швед да арасында болгон көп сандаган коноктор катышты.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын видео кайрылуусу менен башталган иш-чаранын алкагында өзбек өнөрпоздорунун катышуусунда концерт өткөрүлдү.

Өзбек жана түрк элдик музыкасынан чыгармалар орун алган концертте "Навбахор" бий ансамбли Өзбекстандын элдик бийлеринен үлгүлөрдү тартуулады. Ошондой эле иш-чарада Өзбекстандын тарыхый экспонаттары жана коомдук турмушунан алынган сүрөттөрдү камтыган фото көргөзмө уюштурулду.



Тектеш кабарлар