Хорватияда түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Иш-чаранын алкагында 7 түрк тасмасы кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

1728868
Хорватияда түрк тасмаларынын жумалыгы башталды

Хорватиянын борбор шаары Загребде быйыл 9-жолу уюштурулган Түрк тасмаларынын жумалыгы режиссер Мехмет Ада Өзтекин тарабынан 2019-жылы тартылган Жетинчи палатадагы керемет фильми менен башталды.

Хорват-Түрк Достук коому (HTUP) жана Загреб Юнус Эмре институту (YEE) тарабынан Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чаранын алкагында 7 түрк тасмасы кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

Ачылышына Түркиянын Загреб элчиси Мустафа Бабур Хызлан, HTUP төрагасы Горан Беус Рихемберг жана Загреб Юнус Эмре институтунун директору Фуат Коркмаз катышкан иш-чара 6-ноябрга чейин уланат.

Коркмаз эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон тасмалардын көрүүчүлөргө тартуулана турганын айтты.



Тектеш кабарлар