Стамбулдун каратылышы атайын визуалдык иш-чаралар менен белгиленди
Иш-чара Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте, тарыхтын багытын өзгөрткөн Стамбулдун каратылган күнүнө карата уюштурулду.
Стамбулдун каратылышынын 568 жылдыгы шаардын көрүнүктүү жерлеринде өткөрүлгөн атайын визуалдык иш-чаралар менен белгиленди.
Иш-чара Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан Маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте, тарыхтын багытын өзгөрткөн Стамбулдун каратылган күнүнө карата уюштурулду.
Аясофия-и Кебир мечитинде Ыйык Куранды окуу менен башталган иш-чаралар, Галата мунарасында жарык жана видео менен карта түшүрүү технологиясы менен шоу көрсөтүлүп уланды.
Көрсөтүүдө 21 жашында Стамбулду багындырып, доорду ачып жана жакан, Осмон империясын дүйнөлүк империяга айланткан Фатих Султан Мехмет Хандын ат үстүндөгү элеси чагылдырылды.
Багындыруу жөнүндө маалымат да айтылган кубаныч менен өткөрүлгөн салтанатта, багындыруунун символу болгон Аясофиянын асманына Түркияда биринчи жолу колдонулган асманга видео карталарын түшүрүү ыкмасы менен чагылдырылды.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.