Москвада Эл аралык туризм жарманкеси башталды

Жарманкеге катышкан көп сандаган түрк туризмчилер, Орусияда Түркияны таанытып жатышат.

1602433
Москвада Эл аралык туризм жарманкеси башталды

Дүйнөдөгү эң ири жана эң маанилүү туристтик жарманкелердин бири болгон Москвадагы Эл аралык туризм жарманкеси (MITT) Түркиянын катышуусу менен башталды.

Дүйнөнүн престиждүү туристтик жарманкелеринин катарына кирген MITT 27-жолу эшигин келгендерге ачты.

Жарманкеге катышкан көп сандаган түрк туризмчилер, борбор шаар Москвадагы Крокус Эксподогу ордун ээлеп Түркиянын эң негизги рынокторунан Орусияда Түркияны таанытып жатышат.

Жарманкеге маданият жана туризм министринин орун басары Надир Алпаслан жана Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсара, ошондой эле көптөгөн компаниялар жана коомдордун өкүлдөрү катышты.

Түрк туризчилер, 18-мартка чейин созула турган жарманкеде орусиялык конокторго Түркиянын ар кайсы аймактарындагы туризм мүмкүнчүлүктөрүн айтып беришет.



Тектеш кабарлар