Гладиаторлор шаарына туристтердин агымы
Байыркы Стратоникея шаарына акыркы беш айда 40 миң адам зыярат кылды.
1528246
![Гладиаторлор шаарына туристтердин агымы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/74ce/c4ce/7554/5fb1d0c0ee34b.jpg?time=1719133267)
Мугланын Ятаган районундагы "Гладиаторлор шаары" деп аталган байыркы Стратоникея шаарына туристтердин кызыгуусу артууда.
Тарых бою көптөгөн цивилизациялардын мекени болгон байыркы Стратоникея шаарына акыркы беш айда 40 миң адам зыярат кылды.
Коронавирустун (Ковид-19) себебинен быйыл каалгасын 15-июнда ачкан шаарды өзгөчө Англия, Россия, Польша жана Германиядан Муглага эс алууга келишкен көптөгөн чет элдик коноктор кыдырышты.
Бул жерди гана кыдыруу үчүн чет өлкөдөн 4-5 кишилик атайын экскурсиялар менен келген коноктор да бар.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719133268)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.