Кара деңиздин Зеугмасына туристтердин агымы

Байыркы шаар зыяратчыларын кайрадан тосуп ала баштады.

1458666
Кара деңиздин Зеугмасына туристтердин агымы

"Кара деңиздин Зеугмасы" деп аталган байыркы Хадрианауполис шаарына келгендердин саны көбөйдү.

Карабүктүн Эскипазар районунда жайгашкан, жаныбарлар менен мифологиялык каармандар сүрөттөлгөн мозаикасы менен белгилүү болгон байыркы шаар, пандемиядан кийин калыбына келүү учурунда зыяратчыларын кайрадан тосуп ала баштады.

Казуу иштери боюнча координатору Карабүк университетинин (КБУ) Археология бөлүмүнүн окутуучусу Эрсин Челикбаш журналисттерге берген маалыматында, Хадрианауполисте ушул учурга чейин эки мончо, эки чиркөө, бир коргонуу жайы, аска-мүрзөлөр, театр, аркалуу жана күмбөздүү түзүлүш, монументалдык табынуу жайы, шаар дубалдары жана башка монументалдык имараттар сыяктуу туш-тушка чачырап кеткен 14 жердин табылганын айтты.

Кастамону музейинин дирекциясынын карамагында 25 кишилик топ менен байыркы шаарда казуулардын уланып жаткандыгын баса белгилеген Челикбаш: «Хадрианауполис Анадолу үчүн абдан маанилүү. Биздин заманга чейинки 1-кылымда башталган жана бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан тарыхый процессти көрсөткөн эң маанилүү фактор. Туризм жагынан өзгөчөлгөн жер. Бул аймакка миңдеген жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер келет. Аянтка кирүү акысыз. Биз конокторубузга кененирээк маалымат беребиз»,-деди.


Этикеткалар: #Кара деңиз , #Туристтер

Тектеш кабарлар